Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. ӨКМдин кызматкерлери тарабынан республиканын бардык аймагында калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин, балдарын кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Мындай иш-аракеттер өлкө аймакта жүрүүдө.
Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:
— — сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
— — тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
— — сууга мас абалында түшпөнүз;
— — суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаныздар;
— — кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
— — күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
— — үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
— көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.