ИИМдин Медицина башкармалыгынын дарыгерлеринин катарында  өздөрү ак халат кийбесе да, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүп келе жаткан  психологдор бар. Аларды «жан дүйнөнүн дарыгерлери» деп атап койсок да болот. Биздин төрдүн бүгүнкү коногу  Психологиялык кызматтын башкы тескөөчү-психологу, милициянын майору Сманова Жаркын Жеӊишбековна.

-Жаркын айым, Сиз башында турган Психологиялык кызматтын  ишмердүүлүгү эмнеге багытталган? Негизги тапшырмаӊар кайсылар?

-Психологиялык кызматтын ишмердүүлүгү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн психологиялык жактан камсыздоого, күнүмдүк кызматта жана экстремалдык кырдаалда өздүк курамдын  моралдык-психологиялык  даярдыгын калыптандырууга жана  өздүк курам арасында  жагымдуу социалдык-психологиялык климатты колдоого багытталган. Бул кызматтын тапшырмасы болуп ИИОнун өздүк курамынын  моралдык-психологиялык абалын, коллективдеги социалдык-психологиялык климатты  текшерүү, талдоо жана баа берүү, тренингг, лекциялык окуулар аркылуу кызматкерлерди кесиптик психологиялык жактан даярдоо, психологиялык билимге үйрөтүү, адаптация учурунда жаш кызматкерлерге колдоо көрсөтүү, кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү, ИИОнун кызматкерлеринин кесиптик жактан начарлап кетишинин психологиялык жактан алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу ж.б. болуп эсептелет.

-12 жылдан бери кызматкерлерге колдоо көрсөтүп келе жаткан бул кызмат учурда квалификациялуу кадрлар менен камсыз болгонбу? Бул кызматка жумушка алууда эмнелерге көӊүл бөлүнөт?

-Мен бул кызматка психолог болуп 2015-жылы дайындалдым. Ошондо менин биринчи жолу эсимде калганы- бул кызматтын бир ордунда туруп калгандай сезилгени болду. Мүмкүн, башка кесиптегилердин бул кызматка дайындалганынан улам мага ошондой сезилгендир эле. Бара-бара психологиялык кызматтын калыптанышына  багыт алган абдан түйшүктүү иштер жасала баштады. Анын жыйынтыгында бул багытта билими жана тажрыйбасы жок  айрым тескөөчүлөр өз каалоосу бошонуп кетишти. Учурда  бул кызматта жоопкерчиликтүү, кызматтын кызыкчылыгын бийик койгон квалификациялуу психологдор кызмат өтөп келишет. Кадрларды тандоодо тийиштүү билимдерине гана көӊүл бурулбастан,  алардын жеке, адеп-ахлактык, коммуникативдик сапаттарына; адамдар менен мамиле түзө алуусуна, сергектик, гумандуулук, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүнө, ишке эргүү менен карай тургандыгына, эмгекчилдигине, боорукерлик сапатына жөндөмдүү экенине, адамдарга сый мамиле жасай билүүсүнө ж.б. көӊүл бурулду.

-Кесипкөй  кадрлар тандалгандан  кийинки беш жыл аралыгында кандай иштер жасалды?

-Ишмердүүлүгүбүздүн башында кызматкерлер арасында лекциялык окууларды өткөрүп, аларга кыйын кырдаалга туш келген учурда психологдорго кайрыла алышарын түшүндүрдүк. Аны менен бирге бул мезгил аралыгында нерв-психикалык туруктуулуктун деӊгээлин аныктоо, суицид реакциясына жакындыкты, интеллекттик деӊгээлди аныктоо усулдары боюнча бир катар психологиялык  алдын алуу текшерүүлөрдү жүргүздүк. Бишкек ШИИББнын  райондордогу сырткы кызматтарынын кызматкерлеринин жеке психологиялык мүнөздөмөлөрүн изилдөөгө алдык. Кызматкерлердин моралдык-психологиялык абалын жана коллективдердеги социалдык-психологиялык климатты текшерүү менен талдап, баа бердик. Андан кийин бөлүктөрдүн жетекчилерине башкаруунун усулдарын жана стилин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды бердик.  Ага кошумча ИИМдин Академиясынын  профессору, милициянын полковниги А.Токомбаева менен биргеликте сунуштамалар, көрсөтмөлөр, усулдук материалдар, программалар ж.б. иштелип чыкты.

-Кызматкерлерге кайсыл учурда психологиялык жардам көрсөтүү каралган?

-Кыйчалышкан кырдаалда калган, жеке ой санаалары тынчсызданткан, үй-бүлөлүк чыр-чатакка кабылган, күнүмдүк жашоодо жана кызматта  көйгөйлүү маселеге туш келип, бизге кайрылган кызматкерлерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ардагерлерге психологиялык кызмат көрсөтүп, алардын тоскоолдуктарды жеӊүүсүнө жардам берип келебиз. Биз  дайыма өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын  алкагында жардам берүүгө даярбыз.Биринчи кезекте өзгөчө шарттарда ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарып келген кызматкерлерге жардам көрсөтөбүз. Бир эле мисал, Кой-Таш айылындагы окуяда  коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда жараат алган кызматкерлер психологдор менен медицина кызматкерлери тарабынан өз убагында психологиялык реабилитациядан өткөрүлдү.

-Чет өлкөдө  психологдордун кызматын бардык адамдар такай пайдаланып келишет эмеспи. Бул багытта биздеги абал кандай?

-Биздин психологиялык кызмат жаӊыдан өнүгө баштаганда психологдордун бар экенинен көпчүлүк кабардар эмес болчу. Милиция кызматкерлери психологдорго ишеним артып, алардын бизди түшүнө билүүсү үчүн, бизге абдан көп күч-аракеттерди жумшоого туура келди. Басып өткөн эмгек жолубузда ажырашуунун алдында турган бир нече үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй,  алардын ынтымагын сактап кала алдык. Алардын жүздөрүнөн бакыттын нуру төгүлүп, биздин ишибизге ыраазычылык  айтышканы — биз үчүн бардык мактоолордун баарынан жогору турат!

-Өзгөчө абал киргизилген учурда  милиция кызматкерлерине кандай психологиялык жардам көрсөтө алдыӊыздар?

-Өзгөчө абал учурунда биздин кызматкерлерге жарандар тарабынан келген негативдүү мамиленин баарын кабыл алууда өздөрүн карманууга туура келди. Бул кырдаалда милиционерлер өздөрү сыяктуу эле жөнөкөй адамдар экенин унутуу менен, биздин  жарандар социалдык жактан жетиле электигин көргөзүп коюшту. Мына ушуга байланыштуу  жугуштуу илдеттин алдын алуу жана психологиялык жардам көрсөтүү максатында психологдор санитардык-карантиндик посттордон, обсервациялардан тынбай кабар алышып, кызматкерлер менен жолугушуп турушту. Керектүү учурларда коргонуучу каражаттарды таратып берип жаттык.

Учурдагы  психологиялык кызматтын усулдук жактан жана техникалык каражаттар менен жабдылышы кандай абалда?

-Медицина башкармалыгынын Психологиялык кызматы жаш жана колдоого муктаж кызмат. Биз бул боюнча ИИОнун бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда тегерек  стол өткөрүп, каржы маселесинин жетишпегени тууралуу маселелерди талкууга алганбыз. Эӊ эле элементардуу нерсе, жер-жерлердеги психологдордун атайын техникалар менен жабдылган релаксация бөлмөсү тургай,  иш бөлмөсү жок. Усулдук китепкана жок, ар ким өз аракетине жараша, ылайыгы жок шарттарда кызматкерлер менен иш жүргүзүп келишет. Республика боюнча болгону 9 тескөөчү-психолог бар. Штаттык бирдиктердин жетишсиздиги байкалып, айрым учурда милдеттерибизди аткарууга жетишпей келебиз. Мисалы, Нарында иштеген психолог декреттик өргүүгө кетип, анын ордун алмаштырганга тиешелүү адис жок болуп жатат.

-Психологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн борборлоштуруу жана координациялоодогу  көйгөйлөр кайсылар?

-2019-жылга чейин  бардык психологдор атайын Жобого ылайык, ИИМдин Медицина башкармалыгынын курамындагы Психологиялык кызматка аткарылган иштер тууралуу отчетторун берип турууга милдеттүү болчу. Азыр облустагы психологдор ОИИБдердин, өздөрү иштеген кызматтардын курамында.  Бул нерсе бирдиктүү иштин, көзөмөлдүн жүргүзүлүшүнө, психологиялык кызматтын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды чогултууга, талдоого тоскоолдук жаратып келет. Бирок, буга карабастан биз өз алдыбызча бирдиктүү отчет түзүп, усулдарды жана тест материалдарын тандап келебиз. Мына ушуга байланыштуу биздин кызматтын  ишмердүүлүгүн  борборлоштуруу жана координациялоо маселеси курч бойдон турат.

-Адис катары оӊой эмес күндөрдү баштан кечирип иштеп келе жаткан милиция кызматкерлерине кандай кеӊештерди айтар элеӊиз?

-Бүгүнкү жөнөкөй эмес кырдаалда  татаал кызматты аркалап келе жаткан кесиптештериме эмоционалдык туруктуулукта болуп, ой санаанын түпкүрүнө түшүп кетүүдөн алыс болууга чакырат элем. Анткени, бир эле биз эмес, дүйнө эли кыйчалыш кырдаалда жашап жатат.  Депрессияга түшүп кетүү абдан жеӊил,  а бирок, өзүн бир калыпта кармап, психологиялык барьерди куруп алуу  ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Кунарсыз  күндөр да өтөт, анын ордуна жаркыраган жакшынакай күндөр келет. Биздин психикалык абалыбыз өзүбүздүн жакындарыбызга таасир этерин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Психика жабыр тартканда,  адам физикалык жактан ооруй баштайт. Андыктан, ден соолугуӊуздарга көӊүл бөлүп,  позитивдүү жашоого багыт алуу керектигин эстен чыгарбаӊыздар.

-Сизге маегиӊиз үчүн рахмат айтабыз, дайыма бар болуӊуз!

Ырысбүбү Сагымбаева Сүрөттөрү Д.Асамидиновдуку