Экс-депутат Бейшенбек Абдырасаков: Музейдеги жылаңач аялга 40 миң доллар төлөнүп берилген, бул кыргыздардын нарк-насилине карата диверсия

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бейшенбек Абдырасаков мындай пикирин  2-июнда «Биринчи радионун» эфиринде билдирген.

Анын айтымында, 26 жылдан бери бейөкмөт уюмдар жалпысы 2 млрд доллар алышкан. Бул акчага 200 бала бакча салып койсок болмок. Кайда кеткени билинбейт. Бейөкмөт уюмдарынын ичинде дагы жакшы иштерди аткаргандары бар. Онкологиялык оорулар, СПИД жана башка оорулар менен ооругандарга, жакыр жашагандарга жардам берип жүргөндөрү бар.

«Менин айтайын дегеним, кыргыздын каада-салттарына, үрп-адаттарына каршы чыккандар бар. Мына 8-мартта чыгышты, музейдеги иш-чараны уюштурушту. Мен айтат элем, булар –маданий терроризм. Бул кыргыз элинин салтына, үрп-адатына, нарк-насилине жасалган диверсия. Бул өтө чоң коркунучтуу нерсе. Бул керек болсо саясый коронавирус, ал 6,5 млн адамдын өмүрүн алат»,- дейт экс-депутат.

Бейшенбек Абдырасаков эл деле Президенттен, Өкмөттөн, парламенттен отчеттуулукту талап кылып жатканын белгилеп, ошондой эле бейөкмөт уюмдар дагы отчет бериши керектигин баса белгилейт. Ал музейдеги жылаңач баскан аялдын келишине 40 миң доллар төлөнгөнүн айтып: «Мына ушундайлар үчүн катуу көзөмөлгө албаса, бул акыры Кыргызстанды жакшылыкка алып келбейт»,- дейт.