Дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүндө да беткап тагуу негизги талап . Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин директору Абдыкадыр Жороев 5-июндагы брифингде билдирди.

 «Санитардык-эпидемиялогиялык талаптар боюнча эрежелер сакталбай жатат. Жарандар беткап маселесин көтөрүп жатат. Дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүндө да беткап тагуу негизги талап. Бүгүнкү күндө мониторинг жүргүзүп келүүдөбүз жана беткапты такпай койгондор болууда. Беткап сизди, башкаларды да илдетти жуктуруп алуу же жайылтуу коркунучун азайтат. Мен жарандардан беткап тагууну жана аны башкалардан талап кылууну суранат элем. Коомдук транспорттордо да эрежени сактоолору керек”,  — деди Жороев.

Бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык департаменттин башчысы Абдыкадыр Жороев онлайн брифинг өткөрүштү.

Алар жарандар бет кап тагынуу талаптарын аткарбай жаткандарын айтышты. Бирок ошол эле учурда министрликтин өкүлдөрү брифингде бет капсыз отурушту. Онлайн брифингдин алып баруучусу дагы бет капсыз жыйын өткөргөнүн көрүүгө болот.