Коом

АКШ демократтары полицияны реформалоо жөнүндө мыйзам долбоор сунушташты

Афроамерикалык Жорж Флойдун резонанстык өлүмүнөн соң Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси полиция кызматын реформалоо жөнүндө мыйзам долбоор даярдап чыгып, талкууга сунуштады.

«Полициянын канкордугу – бул Америкадагы расалык акыйкатсыздыкты чагылдырган эң бир начар көрүнүш. Биз акыйкаттыкты орнотобуз жана ал бүтүндөй өлкө элинин күч-аракеттери менен ишке ашат», — деп билдирди Пелоси пресс-конференцияда.

Пелосинин айтуусу боюнча мыйзам долбоор «структуралык өзгөрүүлөр аркылуу трансформацияларга жол ачылып», полициянын жоопкерчиликти сезе билүүсүн жогорулатат жана көптөгөн иштер боюнча иммунитетин алып салууга мүмкүнчүлүк берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button