Кечээ, 8-июндан 9-июнга караган түнү  Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде орусиялык актёр Михаил Ефремов катышкан жол кырсыгынан жабыркаган айдоочу ооруканадан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой,  кырсыкка  катышкан актёр унаа башкарып бара жаткан учурда мас абалында болгон. Ага карата кылмыш иши козголуп, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги кабарланган.