Ааламды каптаган апаат, коронавирус инфекциясы Кытай жана АКШ окумуштуулары тарабынан жасалма жол менен жаралган. Бул тууралуу норвегиялык вакцина илимпозу Биргер Сёренсендин жергиликтүү «NRK» телеканалына берген   маегине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Коронавирусту америкалыктар менен кытайлар «функцияны алуу менен мутациялар» деп аталган изилдөөлөрдүн жүрүшүндө чыгарышкан. Мындай иш дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жатат. Эч ким бул жөнүндө айтпай жатат», — деген Сёренсен.

Анын мындай пикирине англиялык профессор Ангес Далглиш дагы кошулган. Алардын билдирүүсүндө Вашингтон менен Пекин илгертен эле бул жаатта кызматташып келген. Ошол эле учурда алар коронавируска карата изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, вирус жаныбарлардан адамдарга өткөндөн кийин мутацияга учураган эмес. Алар коронавирус адамга атайын жуктурулган болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарышкан.