Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери ишин баштаганга чейин коронавирус инфекциясынын бар-жогуна карата ПЧР-диагностикадан өтөөрүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот.

Ошондой эле ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыктан, азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө.

Мамсанэпид көзөмөл борбору республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тийиштүү санитардык нормалар (санитайзер, дез.килем орнотуу, термометрия ж. б.) шаардык санэпид көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет.