Азыркы учурда эң эле узак аралыкта жайгашкан бутаны так атуучу мылтык болуп «Сумрак» эсептелет. Аталган мылтык менен 2,5 км аралыктагы бутаны ишенимдүү түрдө атууга болот. Ал эми анын рекорддук көрсөткүчү 4,2 км. «Мындай узак аралыкка таамай тийген мылтык азырынча дүйнө жүзүндө жок.

Бул мылтык үчүн пайдаланылуучу патрон дагы буга чейин болуп көрбөгөн сапаттарга ээ болуу менен башкалардан өзүнүн көлөмү, учуп чыккан баштапкы ылдамдыгы менен айырмаланат»-деп билдирген бул багытта эмгектенген адис Владислав Лобаев.

Ошондой эле, Лобаев аталган мылтык 2021-жылдын башында чыгып калаарын кошумчалаган.