Бишкекте санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн ресторан жабылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук акимиатынан билдиришти.

“Бүгүн Октябрь районунун мобилдик тобу куран окутулуп жаткан “Кайнар” ресторанына барышкан. Санэдипкөзөмөл борборунун өкүлү тарабынан айып салынды. Учурда кафе жабылууда. Кафенин администраторуна карата протокол түзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандар санитардык эрежелерди, келгендердин жана столдордун ортосундагы 1,5-2 метр аралыкты так сактап жана кардарлардын саны 50дөн ашпашы зарыл.