UFCнин жеңил салмактагы чемпиону — кыргызстандык Валентина Шевченко кайрадан машыгып баштады. Ал буга чейин жаракат алып, бутуна операция жасаткан болчу.

Учурда мушкер айым машыктыруучусу Павел Федотов жана эжеси Антонина Шевченко менен Американын Невада штатынын Хатхорн шаарында.

Буга чейин, 6-июнга Валентина Шевченко менен Жоан Калдервуддун беттеши пландалган. Беттеш Австрияда «UFC 250» турниринин алкагында өтмөк. Бирок Шевченко беттештин мөөнөтүн жылдырууну суранып, тизесине операция жасатты.