Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы дагы эле оор, комадан чыга элек. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов билдирди.
Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканга түшкөн.
«Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-абалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу. Дарыгерлер колунан келген медициналык жардамын көрсөтүүдө», — деди нейрохирург.
Мамытов экс-депутаттын башына операция жасалбай турганын кошумчалады.