Бүгүн, 15-июнда Жалал-Абад ОИИБде жугуштуу илдетке байланыштуу саптык кароо өткөрүлүп, кызматкерлердин медициналык жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттары текшерилди. Ошол менен катар жетекчилик тарабынан өздүк курамга жеке гигенаны сактоо керектиги эскертилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан сырткары өзгөчө абал учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн бир катар кызматкерлер КРнын ИИМдин “Ардак”, “Датка айым”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары менен сыйланышты.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.