Дизайнер Замира Молдошева жолдошу тарабынан мойнуна дөңгөлөк илинип, чакалап суу чачылган аял күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз бергени боюнча өзүнүн пикирин билдирип, анын телефонун издеп жатканын маалымдады. Бул тууралуу дизайнер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бүгүнкү жаңылык-бул Сузактагы болгон окуядан кийин аялы «доом жок» деген арызын жазыптыр. Биз эч кимибиздин акыбыз жок, ал айымды күнөөлөгөнгө, себеби башка жашоону көргөн эмес, себеби жолдошунун туугандары келип туш тараптан талап жатып жаздырышты. Ооба баарыбыз эле боорубуз ооруп жатат, бирок эмнегедир эч кимибиз кол сунуп жардам кылгыбыз келбейт. Чоң сураныч мага кимиңер жардам бере аласыңар ушул айымдын телефонун таап бергенге, мен аябай сүйлөшкүм келип жатат, сураныч”,-деп кайрылды социалдык тармактын колдонуучуларына Замира Молдошева.

Эскерте кетсек, Сузак районунда 1969-жылы туулган Б.З. өз аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү артып, колун байлап, суу чачып кордогон. Эркек жубайынын чачынан тартып, бетке койгулаган. Видео соцтармакка жарыяланары менен коомдо резонанс жаратты. Айрым басылмалар аял эжесинин үйүнө барып, кеч келгени үчүн аёосуз жазаланганын жазды.

https://www.instagram.com/p/CBagMF8BRSc/?igshid=1cszsibkq5axq