Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо ири өрт чыкканын ага күбө болгондор кабарлады. Күбөнүн айтымына караганда, көңүл ачуучу жайлардын бири күйүп жатат.

ӨКМден Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан имараттагы тандырдын күйүп жатканын билдиришти.

Аларга чакыруу 15:48де келип түшүп, тилсиз жоого каршы бир бригада жөнөп кеткени айтылды.