Бүгүн, 16-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +30…+35
Талас облусунда +29…+34
Баткен облусунда +32…+37
Ош жана Жалал-Абад облустарында +32…+37
Ысык-Көл облусунда +19…+24
Нарын облусунда +20…+25
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +30…+35 градус болот.