«Оптима Банктын» айрым кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында жарыяланды.

Анда ооруга чалдыккан кызматкерлер жана алар менен байланышта болгондор министрликтин бекитилген алгоритмине ылайык изоляцияга алынып, карантинде жатканы айтылат.

«Ал кызматкерлер банктын кардарлары менен байланышта болгон эмес. Коронавирус чыккан бөлүм жана ал жакка жанаша жайгашкан бөлмөлөр дезинфекцияланды. Мындан тышкары банктын бардык филиалдарында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Банкта иштегендер көпчүлүк менен иштегендиктен вирусту жуктуруп алуу тобекелдиги жогору болуп жатат», — деп жазылган маалыматта.