Европа биримдиги (ЕБ) өз компанияларын Кытай тараптан болуучу тобокелдиктерден коргоп калууга аракеттенүүдө. Бул үчүн атайын иш-чаралар дагы иштелип чыкты.

ЕБ атаандаштык боюнча комиссары Маргарет Вестагер кара ниет атаандаштык жана европалык компаниялардын чет элдиктер тарабынан каржылануусуна каршы күрөшүү планын ачыкка чыгарды. Өз кезегинде Кытай бул документти тыкыр карап чыгаарын жана ал бардыгы үчүн объективдүү жана акыйкат мүнөздө болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.

Пандемия бүтүндөй ЕБ өлкөлөрүндө мурда болуп көрбөгөндөй экономикалык соолгундоолорго алып келди. Немис мыйзам чыгаруучусу Манфред Вебердин айтуусунда: «бүгүн көпчүлүк өлкөлөр Европадагы экономикалык соолгундоо Кытайга пайда гана алып келет деп кооптонушууда».
Белгилей кетсек, 2020-жылдын биринчи кварталына карата евроаймагынын ИДПсы 3,8 пайызга кыскарган.