Өзүн өзү мамлекет деп жарыялап жиберген Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник эгерде украиналык аскерлер аткылоолорду токтотпосо, анда ал согуштук абалды толугу менен кайтарып алып келет.

Украина аскердик күчтөрү тарабынан ДЭР жана ЛЭР аймактары аткылоого алынып баштагандыгына байланыштуу 20-майда Донецк жана Луганск Элдик Республикалары өз аскер бөлүктөрүнүн согуштук даярдыгын күчөтүшкөн.

Белгилей кетсек, Украинанын түштүк-чыгышындагы аскердик кагылышуулар 2014-жылдан бери уланууда. Буга Украинада болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Донбасс эли жаңы бийликти тааныбай тургандыктарын айтып, согуштук аракеттерди баштагандыгы себепкер болгон.