Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.