Жогорку Кеңеш илдетке чалдыккан депутаттар жөнүндө маалыматтарды ачыктай албайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, коронавирус  беш эмес , бир  эл өкүлүнөн табылганы айтылды. Вирус аныкталган Бейшеналы Нурдинов ,төрага Дастанбек Жумабековдон башка дээрлик бардык кесиптештери менен байланышкан. Парламент экинчи депутаттын атын жана фамилиясын жарыялай албай турганын, анткени бул купуя маалымат экенин билдиришти. Ошондой эле алардын кайсы фракцияларга таандык экендигин да ачыкка чыгарбайт.

Буга чейин Онугуу-Прогресс, Бир Бол жана КСДП фракцияларында вирус жуккандыгы кабарланган. Бирок Бир Бол бул маалыматты ырастаган жок.

Коронавирус 18-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулунан аныкталган.