Сауд Аравия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам быйыл Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл ала турганы боюнча расмий билдирүү тарата элек. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КМДБга Сауд Аравиядан ажылык боюнча бир дага расмий кат келип түшө элек. Эскерте кетсек, буга чейин россиялык басылмалар бул жылы ажылык болбой турганын жазып чыгышкан.

«Коронавирус кооптуулугунан улам көп адамдын чогулушуна жол берилбейт. Быйылкы ажылыкка чектөө киргизилип, өлкө аймагында жүргөн гана ар улуттагы адамдар катыша алат. Ооруну жуктургандар көп катталып жаткандыктан Меккедеги ыйык Кааба ташы жайгашган жер дагы деле жабык турат», — деп айтылат россиялык ЖМК тараткан маалыматта.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия быйыл 2020-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылык амалдарын аткарууга 6110 квота бөлүп берген.