2020-жылдын 23-июнь күнү Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Ленин районуна бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аталган аймакта кайгуулда жүргөн учурда, болжол менен саат 02:37 чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошол замат милициянын кайгуул кызматы тез жардам кызматын чакырып, окуя болгон жерди курчоого алып, калган бөлүгү шектүүлөрдү издөөгө киришкен.

Көп узабай ыкчам издөөнүн натыйжасында, Бишкек шаардык ИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. кармалып, Ленин райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.