Абактагы саясачы Садыр Жапаров менен эск депутат Камчыбек Ташиев алдыдагы парламенттик шайлоого чогуу аттана турганы белгилүү болду. Буга чейин Ташиевдин жергиликтүү журналисттерге берген маегинде бул боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, Жапаровдун “Мекенчил” партиясы менен биригип чоң саясатта аттана турганын ачыктады. Ал эми калк арасында эки лидердин биригип, бир максатта көздөп, шайлоого аттанганын ар ким ар кандай кабыл алышты.

Экс депутат, Жылдызкан Жолдошева: К. Ташиев, С. Жапаровдун тандеми эң күчтүү тандем

  • Камчы Ташиев жана Садыр Жараровдун,экөөнүн тең келечеги бар, такшалып калган күчтүү саясатчылар. Алар,  элдин ишенимине терең кирген, ошондой эле калайык калктын үмүтү чоң. Болочокто мамлекетибиздин жүгүн өз мойнуна татыктуу алышат, көтөрүшөт деп ишенем. Биринчиден, алардын басып өткөн жолдору таза, экинчиден абдан катуу сыноолордон өтүштү, бири-бирин саткан жок. Үчүнчүдөн, кайсы тармактан болбосун тажрыйбалары чоң. Ошондуктан, биригишкенин эл да күттү эле. Шайлоодо ийгиликке жетээри талашсыз. Садыр Жапаров адилетсиз камалып олтурат, камактан чыгышын бүтүндөй калайык калк Президенттен сурап жатабыз. Президент, сөзсүз С. Жапаровтун тагдырына көңүл бураарына мен ишенем. Бирок, Камчы Ташиевтей ушунчалык тунук сезим, жан дүйнөсү менен: «Садырды, чыгаргыла…адам чыдагыс сыноолорду өткөрдү, керек болсо, мен анын ордуна олтуруп турайын»,- деген сөзү бир эле күчтүү саясатчынын, же мырза жигиттин сөзү эмес, чыныгы достун сөзү. Ошондуктан айтаар элем, дос күтсөң Камчы Ташиевтей дос күт, чыныгы дос болсоң Камчы Ташиевтей бол деп. К. Ташиев, С. Жапаровтун тандеми эң күчтүү тандем жана жеңишке жете турган тандем. Экөөнө тең иийгилик каалайм!

Саясатчы, Камила Таллиева: “Камчыбек Ташиевдин менен Садыр Жапаровдун колдоочусу көп”

  • Эки саясатчы буга чейин да бир партия менен парламентке келгенин, андан сырткары оор күндөрдө да бири- бирине жөлөк болуп, саясаттан тыш да достук мамилелери бекем экендиктерин далилдеп келишти. Бир канча жылдан бери саясатта да эриш- аркак бир канча ийгиликтерди багындырып келишти, саясаттын күңгөй- тескейин чогуу көрүштү дегендей. Менимче, азыр саясатка чогуу аттануунун келечеги бар. Анткени, буга чейин кетирген кемчиликтер сабак болуп, тажрыйба топтошуп калган кездери. Ар кандай сыноолорду баштан кечиришти. Жакшы команда менен аттанышса, экөөндө тең эли бар, колдоочулары арбын, элдин купулуна толгон уулдары катары элдик депутат болуп аттанышса эмнеге болбосун.?

Жоомарт Эргешов, Бишкек шаарынын тургуну: Камчыбек Ташиев саясатчы катары элге көп жардам берет

  • Камчыбек Ташиев буга чейин парламенттик шайлоодо Бабанов менен чогуу барганын кабарыбызы бар. Мунун менен орто жолдо саясатчылар менен убактылуу дос болуп саясаттан ич ара таарынышып, кайра жарашкан учурлары дагы бар. Менимче Ташиев бул жолу Жапаров менен чогуу аттанып, эң туура кадамга барыптыр. Ал эми шайлоодо кандай упай топтойт аны бир гана убакыт көрсөтөт деп айтаар элек. Жеке пикиримде Ташиев элге жакын инсан, буга чейин кайрымдуулук иштерин көп жасаган.