Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Москвада өткөн Жеңиш парадында согушка катышкан ардагер менен сүйлөшүп жатып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, парадга катышууга келген президенттер Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер менен чогуу бир катарда отурушкан. Беларусь өлкөсүнүн президенти согушка катышкан ардагер менен сүйлөшүп жатып көзүнүн жашын аарчыган.

Маалым болгондой, ал бул парадга  уулдары, НиколайВиктор жана Дмитрий  менен келген.

Парадга мындан тышкары, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Босния жана Герцеговина жана Молдова өлкөлөрүнүн башчылары катышты.