Киодо агентчилигинин маалыматына ылайык Япония америкалык Aegis Ashore Ракетага каршы коргонуу комплексин өз территориясына жайгаштыруудан баш тартты.

Япония Коргоо министри Таро Кононун айтуусунда Америка тарап ракеталык комплекстерди жайгаштыруу боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген бир катар макулдашууларды аткарган эмес.

Белгилей кетсек, өз аймагына РКК комплексин жайгаштыруу тууралуу чечим Япония Өкмөтү тарабынан 2017-жылы кабыл алынган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Америка ар бир мындай комплекс үчүн 100 миллиард иен (болжол менен 890 миллион доллар) төлөп берүүнү убадалаган.