Саясат

Спикер: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору керектүү мыйзам»

Белгилүү болгондой, бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоору 21-кылымда керек мыйзам экенин айтты.

«Сөз эркиндигинин абалы бүгүнкү күндө Кудайга шүгүр ачык, айкын. Бардык жарандар өз оюн ачык айтканга эч ким тоскоолдук кылбайт. 21-кылымда жашап жатабыз. Бул мыйзам долбоору керек. Мурда гезиттерге туура эмес маалымат чыкса, жабырлануучу гезитти сотко бергенге укугу болгон. Ар бир адам өзүнүн укугун коргогонго шарт болгон. Бүгүн маалыматтарды интернет булактарына алып жатышат. Аталган мыйзам долбоору адамдардын укугун ушул жерде корголот. Интернет булактарынан фейктер бир адамды кылбаган ишин кылды десе ал өзүн-өзү коргош керек да. Бул мыйзам долбоору бардыгыбыздын укугубузду коргойт. Оппозицияда жүргөн мекендештерибизге керектүү мыйзам», — дейт төрага.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button