Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Covid-19 менен жабыркаган жана абалы оор бейтаптарды дарылоодо бир катар артыкчылыктарга ээ деп табылган дексаметазон препаратынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү керектиги тууралуу кайрылуу жасады.

Аталган Уюмдун башчысы Тедрос Адхан Гебрейесустун айтуусу боюнча коронавирус илдетин дарылоодогу натыйжалуулугу тууралуу Оксфорд университетинин окумуштуулары тарабынан сөз болору менен аталган дары каражатына карата суроо-талап дароо өскөн.

Изилдөөлөрдүн натыйжасында дексаметазон аркылуу дарылоо өпкөнү жасалма жол менен желдетүү аппаратында жаткандардын өлүмүн 40 пайыздан 28 пайызга чейин, ЭКМОдогу пациенттердин өлүмүн 25 пайыздан 20 пайызга чейин азайтаары аныкталган.