Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +14…+19
күндүз +34…+35

Талас облусунда

түнкүсүн +12…+17
күндүз +28…+33

Баткен облусунда

түнкүсүн +15…+20
күндүз +30…+35

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +15…+20
күндүз +30…+35

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +8…+13
күндүз +20…+25

Нарын облусунда

түнкүсүн +6…+11
күндүз +18…+23

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +33…+35 градус болот.