Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу кайрадан өзгөчө абал жарыялоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди:

“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен чогулуш өтүп, эч кандай өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп, бирок бир канча тапшырма берилди. Биринчиден, мамлекеттик органдарда да көп учур катталганына байланыштуу кызматкерлерин болушунча үйүндө, башкача айтканда, аралыктан иштөөгө өткөрүүнү караштыруу. Экинчиден, жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү”,-деди Каратаев.