Европалык биримдик менен АКШ ортосундагы ар кыл пикир келишпестиктер соода-сатык жаатындагы маселелердин туңгуюкка барып такалышына себеп болду. Ошентип, Евробиримдик Дүйнөлүк Соода Уюмуна кайрылып, улуттук авиакуруучу компанияларды субсидирлөө жөнүндө көп жылдык чырга байланыштуу америкалык товарларга карата 11,2 млрд. доллар өлчөмүндө алымдарды киргизүүгө уруксат сураган.

«Airbus корпорациясын субсидирлөөдө ДСУ эрежелерин сактаган эмес, мунун натыйжасында Boeing корпорациясы чыгаша тарткан деп» АКШ бир катар ЕБ өлкөлөрүнө кине коюп, айрым бир европалык товарларга карата 7,5 млрд. доллар өлчөмүндө алым киргизген.

ДСУ өз кезегинде ЕБнын АКШга каршы жооп катары кабыл алган тарифтери боюнча июль айында чечим кабыл алат. Белгилей кетсек, киргизилген алымдардан улам бир гана америкалык авиакуруучу компаниялар эмес, көмүр өндүрүүчүлөр, фермелер, ошондой эле балык чарбасы дагы зыян тартууда.