Аксы районунда 14-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

24-июнуна чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. 28-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган.

Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстан Республикасынын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.