Ош облусунун Ноокат районунда 29-июну саат 20:35 Жин-Жиген айылында “Жин-Жиген” шахтасында 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) газга ууланып, калып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Жерине  КР ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.