Вегас 4 аталышындагы абсолюттук чемпионат (UFC) боюнча өткөн турнирдин катышуучуларынын гонорары жарыяланды.

Ага ылайык эң көп гонордын ээси бул экс-убактулуу чемпион Дастин Порье. Анын гонорары 250 миң долларды түзгөн, мындан сырткары ал атаандашын жеңгендиги үчүн «Бриллиант» деп аталган 100 миң долларга ээ болгон.

Ошондой эле, ал бонус катары $50 миң, кечээ көрсөткөн мыкты оюну үчүн демөөрчүлөрдөн $20 миң доллар алган. Ошентип, Sportekz гезити тараткан маалыматка ылайык жалпы жолунан Порье өз капчыгын 420 миң долларга кампайткан.

Белгилей кетчү нерсе, жеңишти Порьеге алдырып жиберген Дэн Хукер өз атаандашынан дээрлик үч эсе аз сумма алган, тагыраак айтканда бонустар менен бирге эсептегенде Хукердин гонорары – 145 миң долларды түзгөн.