Синьхуа агенттигинин билдирүүсү боюнча Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан Сычуань провинциясындагы нөшөрдөн улам 12 адам каза болуп, дагы 10 адам дайынсыз жоголду.

Маалыматка ылайык Мяньин уездинде болуп өткөн нөшөрдүн кесепетинен улам Ихай шаарын суу каптап, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.

Табигый кырсык орун алган аймакта дээрлик 10 миң адам жашайт, жалпы жолунан жергиликтүү тургундардын ичинен 7700 адам эвакуацияланган.

Белгилей кетсек, буга чейин Цзянси провинциясына сел жүрүп, 21 миң адам эвакуацияланган. Метереологдордун билдирүүсү боюнча нөшөрлөп жааган жаан бир аптага чейин созулат.