Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, ырчы Асель Кадырбекованын абалы тууралуу маалымат берди.

«Журналисттер аябай көп чалып ишибизге жолтоо болуп жатат. Мен сиздерди түшүнүп турам, себеби эл дагы бул маалыматты күтүп жатат. Аселдин ден соолугу дагы деле оор. Кома абалында жатат, бирок өзү дем алып, кам басымы өзүнүкү, эч кандай дарынын жардамы менен эмес. Бүгүнкү күндө кичине болсо дагы жылыш бар, бирок абалы баары бир оор бойдон калууда», — деди Жумабеков.