Бүгүн, 29-июнда, коомдук ишмер, Евразия телекөрсөтүү академиясынын академиги, Ассоль Молдокматова карылар үйүнүн директоруна Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдон 8 орундуу Хонда микроавтобусунун ачкычын, ошондой эле 10 муздаткыч, үч телевизор, чаң соргуч, кир жуугуч машинаны салтанаттуу түрдө тапшырды.  Бул тууралуу, Ассоль айым өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, Чечен Республикасынын башчысынын кайрымдуулук келишими менен Ассоль Молдокматованын эсебине 30 миң АКШ долларын жеке өзү каалаган шартта өткөрүп берген жана ал Данга Битаев жашаган карылар үйүнүн директору менен талкуулоодон кийин баарын сатып алган.

https://www.instagram.com/tv/CCA1oUDnMvX/?igshid=106hg2b4c54c4