Экс-президент Алмазбек Атамбаевге пневмония оорусу УКМКнын тергөө изоляторунан атайын жуктурулган. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин уулдары  Кадыр Атамбаев, Сейит Атамбаев өздөрүнүн социалдык тармактагы жеке баракчаларына жазышты.

«Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, экс-президентке УКМКнын тергөө изоляторунан атайылап жуктурулгандыгына ишенебиз. УКМКнын тергөө изолятору инфекция жугуучу жайга айланган. Тергөө абагында камакка алынгандардын арасынан кеминде 10 кишиден COVID-19 табылды. УКМКнын тергөө абагында камакта отургандардын туугандары бизге УКМКнын тергөө изоляторунун кызматкерлеринин, анын ичинде бардык тергөө изоляторунун башчылары коронавируска шектелип жаткандыгын айтышты.

Эске салсак, өзгөчө кырдаал жана карантин режимин киргизүү жөнүндө билдирүүлөргө карабастан, бийликтегилер Алмазбек Атамбаевди жана анын шериктерин Кой-Таш окуясы боюнча сотко коргоочу шаймансыз жеткиришкен. Бийлик өз саясий оппоненттерине коронавирус инфекциясын жугузуу ниетин көрсөттү деп ишенебиз. КСДП партиясы 11-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди инфекцияны жуктуруп албашы үчүн үй камагына өткөрүп берүү керектиги жөнүндө билдиришкен. Бирок бийлик бул кайрылууну атайылап четке какты», — деп жазган Кадыр Атамбаев.

Эске салсак, кечээ,  29-июнда экс-президент

Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Натыйжада COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.