2020-жылдын 29-июнь күнү коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын өзүнчө батальонунун туристтик взводунун жана медицина кызматынын, жергиликтүү өзүн–өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө Алай, Ноокат,Кара-Суу райондорунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча эс алуучу жайлардын ээлеринин жана эс алуучулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш чаралар башка райондордун аймагында да улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы