1-июль — Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри З.М.Аскаров куттуктады.

«Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 1-июль — Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Куткаруучулардын кесиби өтө жоопкерчиликти талап кылган гумандуу кесип болуп саналат. Бул кесип биздин гана мамлекетте эмес дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесиптердин бири экендиги баарыбызга маалым.

Бүгүнкү күн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнө 29 жыл болду. Бул убакыт ичинде өлкөбүздө кандай гана кырсык катталбасын, эр жүрөк, тайманбас куткаруучуларыбыз эли-жерибизге ак кызматын кылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты табигый жана техногендик апааттардан коргоо боюнча олуттуу жана масштабдуу маселелерди чечип, канчалаган адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактап келишүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарыхында куткаруучулар нечен ирет өздөрүнүн ишбилгилигин, кайраттуулугун, анык баатырлыгын, ыкчамдуулугун жана курч мүнөзгө ээ экендигин далилдеп келишкен.

Кырсыкка кабылып, көзү чачырап турган адамдар Сиздерден гана жардам күтөт. Анткени алардын өмүрүн сактап калуу Сиздердин гана колуңуздардан келээрине толук ишенишет. Айрыкча азыркы учурдагы дүйнөлүк пандемияга каршы күрөшүүдө дагы күнү-түнү талыкпай эмгектенип келе жатасыздар.

Ар бир куткарылган адамдын өмүрү үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, сыймыктануу менен таазим этем!

Сиздердей мекенчил, өз ата-журтуна берилгендик менен кызмат кылган кесиптештерибиз бар болгондугу үчүн элибиздин жүрөгүндө тынчтык орноп, бейпил жашоо өкүм сүрүүдө.

Элибиздин коопсуздугун камсыздап, өмүрүн арнап, тилекке каршы айрым куткаруучуларыбыз дүйнө менен кош айтышууда. Алардын жаркын элестери түбөлүккө эсибизде сакталат. Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын.

Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен куттуктап жатып, татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап, Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөөңүздөр менен бакубат жана узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болуп, кыргыз элинин сиздерге болгон алкышы артып, батасы тийсин!

Мамлекетибизде ар дайым тынчтык жана бейпилдик болсун!

Майрамыңыздар кут болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министри З.М.Аскаров».- деп жазылат министрдин куттуктоосунда.