КТРК мамлекетке таандык канал болгондуктан кырдаалды эске алуу менен, өкмөт бул каналдагы бардык берүүлөрдү токтотуп, COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну жүрүп жаткан учурда ооруканаларда орундар жетишпей жатканына байланыштуу үй шартында дарылана турган бейтаптарды дарылоо ыкмалары боюнча, ооруну алдын алуу жолдору дагы башка пандемияга байланыштуу маалыматтарды берип туруусу керек.

Телевидение аркылуу эксперттер керектүү кеп-кеңештерди берип турушсун. Азыр калк кандай дары-дармектерди ичүү керектигин да билбей, интернеттен көргөн дарыларды алып ичип башташты. Анын пайдадан зыяны көп болуп калуусу да мүмкүн. Элге туура маалымат керек.

Акбалык Жумалиева