Бүгүн, 1-июлга карата Талас облусунда 12 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Талас облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди.

«Таласта бүгүн 12 адамдан (3 аял, 9 эркек) коронавирус чыкты. Алардын ичинен 10 адам 30 жаштан 64 жашка чейинкилер. Талас шаарынан 4 адамдан, Бакай-Ата районунан 3, Кара-Буура районунан 1, Талас районунан 4 адамдан илдет аныкталды. Талас шаарынан катталгандардын үчөө медицина кызматкерлери. Алар кечээ илдет аныкталган адамдар менен байланышта болгондор. Бирөө ооруканада жаткан бейтап. Райондордогу аныкталган адамдардын ичинен төртөө мамлекеттик кызматкер, бири финансист. Калгандары мурун ооругандар менен байланышта болгондор», — деди ал.