Республикалык штабдан билдиргендей, Бишкек шаарында төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:

-велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар, жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;

-тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК “Северэлектро” жана “Бишкекводоканалга” кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандугу үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.

— балдар оюн –зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары.

Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.