Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялын кордогон киши 2-июлда сот залынан бошотулганын “Справедливость” укук коргоочу уюму билдирди.

Уюмдан маалымдашкандай, айыпталуучу 2 жылга шарттуу кесилген.

Эске сала кетсек, 12-июнда социалдык тармактарда аялынын моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, колун артына байлап, үстүнө чакалап суу чачып, бетке чаап жаткан кишинин видеосу тараган.  

Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, соцтармактардын колдонуучулары зордукчу жазасын алуусун талап кылышкан.

Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Ал иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка жана корук катынын шарттарын аткарбоого шектелгендер жада калса тараптар элдешкен учурда да жоопкерчиликтен кутулуп кете алышпайт.

18-июнда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, ага 68 гана депутат добуш берген.

Ал эми жабырлануучутосмо арыз жазып, жолдошун кечиргенин айткан. Бирок милиция буга карабастан тергөөнү улантып, 19-июнда иш сотко өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg