Бразилияда кызганычтан улам ит жаңы төрөлгөн эгиздерди өлтүрүп салды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкканын Оруссиянын Лента ру. агенттиги маалымдады.

Кыздар төрөлгөнүнө 26 күн болгон. Лабрадор жана Американын Фокхунд аралаш тукумундагы ит 5 жылдан бери кыздар төрөлгөн үйдө жашап келген.  Үйдө наристелер пайда болгондо жаныбардын жүрүм-туруму өзгөрүп. Иттин ээлери ага азыраак көңүл бура баштагандыктан, аларды кызгана баштаган.

Кырсык 23-июнда болгон. Эгиздердин энеси, 29 жаштагы Хелен Новаес, кошуналары менен сүйлөшүү үчүн балдарын таштап сыртка чыккан,көп өтпөй ал балдардын ыйлаганын угат. Үйгө кирип итти сүйрөп кетүүгө аракет кылган, бирок ал буга чейин балдарга оор жаракат келтиргенге жетишкен. Дарыгерлердин айтымында, кыздардын бири алган жаракатынан улам ошол замат чарчап калган, экинчисин сактап кала алышкан эмес. Учурда  ымыркайлардын энеси шок абалында ооруканада жатат. Полиция балдардын өлүмү боюнча тергөө ишин баштады.