Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 48-чакырымында кечээ, 2-июлда саат 20:30дар чамасында “Хонда-Степвагон” менен “Ауди-100” унаалары кагышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгынан улам төрт адам: бир жашы жете элек кыз жана үч эркек киши каза болду.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаадан адамдардын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.