Буга чейин Ошто коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн алынган үлгүлөр тоңдурулганын, анализди жүргүзүү үчүн керектүү болгон реактивдердин жок экендиги айтылган. Бүгүн, 2-июлда өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Бороновго «өлкөдө тоңдурулган канча үлгү бар?» деген суроо берилди.
Өкмөт башчы республика боюнча Ошто эле тоңдурулган үлгүлөр бар экенин айтты.
«Бир күн мурдагы
маалыматка ылайык, Ошто 1 миң 700 тоңдурулган үлгү бар болчу. Бул боюнча штабга
тиешелүү тапшырмаларды бергенбиз. Бизде ПЦР-анализди жүргүзүүчү реактивдердин
запасы бар, ошондой эле экспресс-тесттен 34 миң даана бар», — деп жооп берди.