Жашоода адам баласы ар кандай сыноого кабыл турганы турган кеп. Кээ бир адамдар балага зар болуп, уул күтсө, кээ бир адамдар баланы таштандыга таштап, балдар үйүнө калтыргандар мындан көп. Кезектеги каарманыбыз тагдырдын жазмышына моюн сунуп, жашоону кантип жеңгенин өз оозунан уксак. Эскерте кетчү жагдай кат өзгөртүүсүз берилет.

Жолдошум экөөбүз мындан жыйырма жыл мурун баш кошконбуз. Баткен тараптан болобуз, Чүйдө турабыз. Айылда биздики менен кайнатамдардын  үйүнүн ортосу беш-алты эле там. Бирок мен да күйөөмдү жактырып, ал да сүйүп жыйырмага толуп-толбой үйлөнгөнбүз. Кайненем башынан эле мени көп жактыра берген жок. Алгач балалык кылып аны деле оюма алчу эмесмин. Кагып-силксе деле жолдошумдун жанында жүргөнүмө сүйүнүп жашай бердим. Кайненем менен беш жылдай туруп анан бөлүндүк.  Жолдошум окуусун бүтүп аскер адамы болуп чыга келди. Мага окуганга шарт болгон жок.

Ошол аралыкта далай ыйладым. Беш жыл ичинде күйөөм да өзгөрдү. Бара-бара анын да сөзү чыгып, кол көтөрүп баштаган. Анысы аз келгенсип кыз-келиндер менен басып коймоюн да уга баштадым. Ошентип, он жыл өттү.

Ошентсе да жакын жашагандыктан мен мурункудай эле кайненеме кызматымды кыла бердим. Анткени он жылдан ашык бала жытын искете албадым деп өзүмдү жедим. Ал тургай жолдошум үйгө түнөбөй калганда да өзүмдү күнөөлөдүм. Анын устунон Баткенде эрден чыгып барсан бутундай айылга шерменде болосун. Кудайга жалбарып, бала тиледим. Доктурдан доктурга бардым. Боюма бүтүп эле төрт айга жетпей түшүп калчу.

Жакын курбум менин сырымды толук билчү эле. Экөөбүздүн жолдошубуз чогуу иштейт. Ал жакшы табып, молдо, врач укса эле мени ой-боюма койбой жетелеп барчу. Мен ыйлаган сайын ал даба издечү. Канча ирет кол шилтеп, башым оогон жакка басып кетейин дедим, төрөбөгөн аялдын кимге кереги бар? Баткендик эжелер бул маселени жакшы түшүнөт. Курбум бирде мени менен кошо ыйлап, кээде катуу айтып урушуп, айрым учурда алдап-соолоп, айтор, Элмира жанымдан чыкпады. Мен да кадимкидей аны демөөр кылып, ага ишенип жашап калдым. Ошентип жүрүп он эки жылдан ашканда балканактай уулдуу болдум. Андан кийин эки жыл өтпөй дагы бир уул төрөп алдым. Мен сүйүнсөм, курбум Элмира менден аша кубанды.

Баланын келиши менен менин бозомтук тарткан жашоом көркүнө чыгып, үйүм нурга бөлөнгөнсүп калды. Жолдошумдун мамилеси да өзгөрүп, үйгө шашканын байкадым. Азыр менин алдымда кандайдыр бир деңгээлде айыбы бардай болуп турат. Бир кезде топ абысындын арасынан сөзгө сындыра какчу кайненем да башка.

Бирок көңүл чиркин жаман экен. Тоңуп калыптыр. Кээде отуруп неге мынча өзүмдү кордодум экен деп ойлоп кетем. Көрсө, ушул жашоомдун ак жарыгын, уулдарымды күтүп жүргөн экенмин. Азыр айтканым айткан, дегеним деген болуп, баарынын кеңешери мен болуп калдым.

Ушунча жыл көз жашымды сүртүп, жанымда болгон курбума рахмат! Ал болбосо жашоом кандай болмок эле, белгисиз. Ыраазымын сага, курбу болсо сендей болор, Элмира!

Булак: Кadam-media.kg