Чет өлкөлүк жарандарга алардын акчасына, бийлигине, байлыгына кызыкпагыла. Алар баары бир бөтөн эл башка маданият, менталитет, таалим-тарбия. Мындай пикирди каарманыбыз тоголок кат жазып, кыздарга кеп-кеңеш катары калтырган. Анын башынан өткөн баянын толугу менен беребиз.

Мындан 5 жыл мурун Бишкектеги жогорку окуу жайын окуп жүргөн кезимде Интернеттен башка улуттагы келбеттүү жигит менен таанышып калдым. Жаман улут болбойт жаман адам болот андыктан улутун жазбай эле коюну туура көрдүм. Башында кээде эле жазышып дос катары сүйлөшүп турчубуз кийинчерээк бат-баттан жазып күн түнү дебей көңүл коёп, ага көнө да түштүм. Мен да анын мүнөзүнө кылган мамилесине, жиберген белектерине көнүп калып, аны жактыра баштадым. Көрбөй жолукпай, сүйүп дагы калдым. Артымдан канчалаган кыргыз мырзалар ээрчип жүрүштү. Мен аларга көңүл бурбай эч бирин карабай аны эле күтүп калгам. Ошентип ал Бишкекке учуп келди. Жолугушуу күнү 101 даана роза, жумшак оюнчук кымбат баалуу алтын шакек берип «мындан ары кыз жигит болуп жүрө бербей үйлөнөлү» деп сунуш киргизди. Мен негедир биринчи жолу жолугуп жатканыма карабай дароо эле макул болдум. Үйдөгүлөрга айтсам дароо мени жаман көрүштү. «Оюңдан кайт, башка улутту эмне кыласың» деп тайэжем башка кыргыз жигиттер менен тааныштырып күйөөгө бергенге аракет кылды.

Мен оюмдан кайтпай ыйлап, көгөрүп туруп алдым. Үйдөгүлөргө «ал менин сүйүүм ал мени таштабайт аны менен өмүр бою бактылуу болом» үйдөгүлөрүмө душманга кылгандай мамиле кылып жаттым. Акыры алар менин айтканымдан кайтпай турганын билиштиби, макулдугун беришти. Чакан узатуу кылып, нике кыйылып жолдошум экөөбүз анын мекенине учуп кеттик. Башында 1-2 жыл аралыгында укмуштуудай жашадык. Кыргызстанга келип, кетип турчубуз үйдөгүлөргө кымбат белек кылып, сиңдиме машина алып берип, алардын да көңүлүн алдык. Күндөр өтүп жатты боюмда болбойт ошол күндөрдө өзүмдөн кооптоно баштап ооруканага барып дарылана баштадым. Эч болбоду жолдошум менен көп уруша баштадык. Ал мага «сен кыз кезиңде жөн жүргөн эмессиң, балким чегип ичип жүргөндүрсүң. Ар ким менен жатып боюңдан алдырсаң керек» ушул сыяктуу кептерди далай айтты ага деле кайыл болуп, «койчу антпечи сүйүүбүздү кор кылбачы баары жакшы болот» деп жалынып ыйлайм. Ал ансайын күчөйт «сени пол сүрткөн тряпкадай кылып керектүү адамдарга сатып жиберем жиниме көп тийбе» деп мени жубайы катары көргөн жок.

Үйгө камалып, депрессияга батып кеттим. Жолдошум 2 жумалап жок болуп кайра үйгө келет «мен жокто ким менен жаттың айбан» деп кол көтөрөт. Бул кордукту эч кимге айтпадым үйдөгүлөр да билбейт эле. Анткени учурунда сүйүп, күйүп алардын сөзүн укпай кеткен менмин. Ошентип күндөрдүн биринде катуу сабап, мас абалда кан кусканга чейин бардым. Ыйлап араң жан таксиге жеттим. Таксиде кыргыз жигит иштейт экен аны көрүп таң калып апамды көргөндөй сүйүнүп аны кучактап алып ыйладым. Арманымды айтып, ооруканага жетип аны менен коштошуп рахмат айтып кирип кеттим. Таң атканча ооруканада жаттым капельница алып, эртең менен туруп анализ бергени биринчи кабатка түшсөм кыргыз таксист жигит регистратурада мени сурап издеп жаткан экен аны көрүп жүрөгүм жылып кетти. Абалымды сурап сарсанаа болуп келиптир. Ал мага көп колдоо көрсөттү. Материалдык эмес моралдык адамгерчилигине баа бердим. Эң жөнөкөй, ак көңүл жүрөгү таза экен. Мен ооруканадан чыккандан кийин жолдошумдун үйүнөн кийим-кечемди жыйнап кетип калгам. Мейманкалардын биринде жашап жүрдүм. Баарынан тажап Кыргызстанга келе бердим.

Кийин капыстан жолдошум жөнүндө көп нерсе билдим. Ал мурун аял алып анысын кетирген экен. Бир жыл түнт, караңгы жашоодо жашап жүрдүм. Жакындарымы сооротот, колдойт ошондо деле өзүмө келе албай жүрдүм. Баарын таштап тоо жакка эс алганы камданып жаткам. Бир маалда үйдө ыйлап такси чакырып, жолдо күтүп тургам аңгыча такси да келди. Машинадан мага кыйын учурда жардам колун сунган, жүрөк дартымды бөлүшкөн жигит чыга калды. Ал дагы Кыргызстанга келген экен ушунчалык сүйүнүп бактылуу болдум. Аны көрүп өмүр бою тааныш жандардай кучакташып туруп калдык. Ал азыр менин жолдошум ортобузда уулубуз бар. Карапайым жашасак да эң башкысы бактылуубуз.

Булак: Кadam-media.kg