Экс-депутат Алмамбеттин Шыкмаматовдун жубайы Жанар Турдакунов эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  жакын туугандарынын  билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

 
Аял беш күн Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө   жаткандыгы аныкталган.

 Өлкөдө акыркы бир суткада 314 жаңы учур катталып ,пневмониядан 18 жаран каза болду. Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 7 691 учурга жетти.